Жазуучулар союзу
«Адабият — бул улуттун өзүн-өзү таануусу»
  • Иманалиев Каныбек Капашович
    Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы
    Адабият — Элдин Түбөлүктүү Мурасы
    Адабият — бул жөн гана кагазга түшкөн сөздөр эмес, бул улуттун жан дүйнөсү, анын тарыхый басып өткөн жолу жана келечекке болгон көз карашы. Сөз өнөрү аркылуу биз өткөн муундардын акыл-насаатын угуп, бүгүнкү күндүн маңызын түшүнөбүз.
Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды
Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды.
  Ош облусунун социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн драматург, котормочу, Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды.
Сыйлыкты бүгүн, 4-декабрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев расмий түрдө тапшырды.
Made on
Tilda